Кыргызстанда эми автоунааларды каттоо эрежелерин бузгандарга жоопкерчилик каралат

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев "КРнын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Мыйзамды 2014-жылдын 16-апрелинде Жогорку Кеңеш кабыл алган.

"Кыргыз Республикасында жол кыймылы жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип, ага ылайык, айдоочунун күбөлүгүн алуунун жаңы шарттары белгиленген.

Ошондой эле Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине киргизилген толуктоолорго ылайык, ээлери тарабынан жер үстүндө жүрүүчү транспорт каражаттарын каттоо эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик каралат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан