Бүгүн, 23-майда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда КРнын Президентинин аппаратынын башчысы Данияр Нарымбаев улуу талант Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракесине арналган салтанатка катышып, анда өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун окуп берди.
Куттуктоодо булар айтылат:
“Ардактуу меймандар! Салтанаттын урматтуу катышуучулары!
Демократ акын, чоң комузчу Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгы быйыл Кыргызстанда гана эмес, бүткүл түрк дүйнөсүндө кеңири белгиленип жатат.
Түрк дүйнөсүндө быйылкы жыл Токтогул жылы деп жарыяланышы абдан жакшы саамалык. Бул – залкар кыргыз акынынын талантына боордош түрк элдеринин көрсөткөн терең таазими, урматы. Бир тууган элдердин маданий байланыштарды тереңдетүүгө жасаган колдоого аларлык аракети.
Токтогулдун төкмөлүк, комузчулук өнөрү жалпы адамзаттын көөнөрбөс руханий байлыгына айланышы кокусунан эмес. Атактуу акын өз чыгармаларында кыргыз элинин кылымдар бою көксөгөн азаттык тууралуу тилегин, арманын, үмүтүн таасын чагылдырган.
Токтогулдун акындык талантын, адамдык кайратын катаал Сибирдин сүргүнү да майтара албады. Тескерисинче, 1917-жылдагы Социалисттик революцияны зор кубаныч менен тосуп алып, кыргыз элинин турмушундагы тарыхый бурулушту дүйнөгө жар салып, “жаңы заман жарчысы” деген атка конду.
Токтогул көп кырдуу таланттын ээси. Ондогон ырчылар менен комузчуларды тарбиялады. Жүздөгөн күүлөрдү, обондуу ырларды жаратып, кыргыз маданиятынын алтын казынасын татыктуу чыгармалар менен толуктады.
Түрк дүйнөсүндө Токтогул жылынын белгилениши боордош элдерибиздин маданий байланыштарын чыңдап, кылымдарды карыткан достук мамилелерибизди тереңдетүүгө өбөлгө түзөт деп терең ишенем”.