Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Үрүмчү шаарындагы көп адамдардын өмүрүн алып кеткен кырсыкка байланыштуу Кытай мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцянга көңүл айтты. Муну бүгүн, 23-майда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
"Урматтуу Ли Кэцян мырза, Синьцзянь-Уйгур автономдуу округунун Үрүмчү шаарындагы көп адамдын өмүрүн алып кеткен терактка байланыштуу айтылган терең көңүл айтуумду кабыл алыңыз. Өкмөттүн жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун жакындарынын кайгысын тең бөлүшөрүмдү, жаракат алгандардын тезирээк сакайышын каалаарымды жеткирип коюшуңузду өтүнөм",- деп айтылат өкмөт башчынын көңүл айтуусунда.