Кыргызстанда жалпысынан 403 900 бала мамлекеттик жөлөк пул алат. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анын 327 600ү аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдар. Алардын ата-энесинин кирешеси үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө бөлүштүрө келгенде 640 сомдон ашпайт. 2014-жылдын алгачкы 4 айында мындай үй-бүлөлөргө бөлүнгөн каражаттын суммасы 856,4 миллион сомду түзөт.
2011-жылдан баштап балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бөлүнгөн жөлөк пулдун эң аз көлөмү 370 сомдон 640 сомго чейин жогорулаган. Бул жылы бюджеттин тартыштыгына карабастан, жөлөк пулдун көлөмү 705 сомго чейин жогорулаары күтүлүүдө.
Ай сайын социалдык жөлөк пул алгандардын саны май айына карата болгон көрсөткүчтө 76,3 миң кишиге барабар. Жыл башынан тарта аларга мамлекеттик бюджеттен 932,3 миллион сом бөлүнгөн. Ал эми жыл башынан бери жалпы жөлөк пулдар үчүн бөлүнгөн сумма 1 миллиард 788,7 миллион сомду түзөт.