Кыргызстанда сарык жана сасык тумоо ооруларынын күч алганына байланыштуу 2012-жылдын 24-декабрында мектеп окуучулары кышкы каникулга таратылган. Учурда сууктун кесепетинен Нарын районундагы мектептерде жылытуу системдеринин күчү жетпей жатат. Бул тууралуу Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн инспектору Совет Усубалиев билдирди. Анын айтымында, Нарын шаарында 8 мектеп болсо, алардын баары электр энергиясы менен жылытылат. Ал эми район боюнча 35 мектеп болсо, алардын ичинен 25 мектеп көмүр менен, 10 мектеп электр энергиясы менен жылытылат. Окуучулар 14-январдан тарта мектептерге бара башташат. Ошондой эле райондогу ЖОЖдорго караштуу окуу мекемелеринде, колледждерде да жылуулук жакшы берилбегендиктен, окутуучулар сырткы кийим менен отуруп иштеп жатканын айтат Усубалиев.