Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 23-майда Бишкектеги Улуттук филармонияда өтүп жаткан улуу талант Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышууда. Анда парламент жетекчиси куттуктоо сөзүн айтты.
"Элибиздин залкар таланттарынын бири Токтогул Сатылган уулунун быйыл 150 жылдык мааракеси жалпы улуттук гана эмес, эл аралык деңгээлде белгиленип жатышы бекеринен эмес. Бул иш-чаралар бир чети даңазалуу Токтогул атабыздын арбагына, анын өлбөс-өчпөс өнөрүнө таазим этүү аземи болсо, бир чети жалпы элдик өнөр майрамы болуп саналат.
Кыргызстандан өнөр жолунда атагы таш жарган таасын таланттар арбын чыккан. Кудайга шүгүр, азыр дагы уучубуз куру эмес. Бирок Токтогулдай өрнөктүү өнөрү катаал мезгил сынынан өткөн, жалпы журт купулуна толуп, алкоосуна арзыган, көзү тирүү кезинде эле нукура улуу устат атанган инсандар өтө сейрек.
Тоо булбулу Токтогул Сатылганов – көп кырдуу, миң сырдуу, сейрек жаралган талант. Ал кыргыз кыйырына улуу даңазалуу ырчы, көрөңгөлүү төкмө, чыгаан комузчу, залкар күүчү катары таанылган. Токтогул кыргыз элинин маданий-тарыхый турмушунда өзүнүн бекем ордун алган фигура. Акын өзүнүн санат-насыят ырларында адеп-ахлак, адамдык парасат, жакшылык менен жамандык сыяктуу орчундуу маселелерге, моралдык-философиялык темага өзгөчө басым жасаган",- деген төрага залкар талант тууралуу узак сөз кылды.