Кара-Суу районунда Кызыл китепке кирген талаа бүркүтүн жергиликтүү тургундар багып жаткандыгы аныкталды

Кара-Суу районунда Кызыл китепке кирген талаа бүркүтү жергиликтүү тургундардын колунда багылып жаткандыгы аныкталып, тиешелүү кызматкерлер тарабынан алынды. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматы бүгүн, 23-майда SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматтарга караганда, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Беш-Кепе айылынын тургунунун үйүнөн Кызыл китепке киргизилип, коргоого алынган талаа бүркүтү табылып, текшерүү учурунда ага карата эч кандай уруксат кагаздары жок экени белгилүү болгон. Ошондой эле бүркүттүн бир канаты жараат алганы аныкталган. Аталган факт боюнча атайын протокол түзүлүп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан