Батыш өлкөлөрү Таиланддагы аскердик төңкөрүштү айыптап чыгышты

Таиланд армиясынын башчысы генерал Прают Чан-Оча өлкө бийлиги аскер жетекчилигине өткөнүн жана өкмөттү көзөмөлгө ала турганын 22-майда жарыялады. Бул тууралуу чет элдик ММКлар жарыялашты.

Чан-Очанын айтымында, бул кадамдар өлкөдө тынчтык жана тартипти орнотуу үчүн жасалууда. Таиланд армиясы саясий реформаларды өткөрүүнү камсыз кылып бермекчи.  

"Армия, флот, куралдуу күчтөр жана полиция, көзөмөлдү өз колдоруңарга алгыла" деп буюрду Чан-Оча массалык маалымат каражаттары аркылуу. Эки күн мурун өлкөдө аскердик абал жарыяланган эле. 

Бүгүн, 23-майда батыш өлкөлөрү төңкөрүштү катуу айыптап чыгышты. АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Таиландга жардам катары бериле турган 10 миллиард долларлык программанын токтотулушу мүмкүн экенин эскертти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан