Ош шаарында 58 жаштагы жаран электр тогуна тартылып, колунан, бетинен күйүк алды

Ош шаарында 58 жаштагы жаран трансформаторду оңдоп жатып электр тогуна тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Ош шаарынын Крылов көчөсүндө жашаган 1956-жылы туулган Эргеш Рахимов Амир-Темир шаарчасынын Совет көчөсүндөгү трансформаторду оңдоп жатып электр тогуна тартылган. Анын кесепетинен жабырлануучу бетинен, колунан күйүк алган. Ошол учурда ал облустук ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан