Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева 23-26-май күндөрү Кытайдын Сиань шаарындагы Кытайдын чыгыш жана батыш аймактарынын ортосундагы кызматташтыктын XVIII Сиань соода-инвестициялык жарманкесине жана Улуу Жибек Жолунун эл аралык көргөзмөсүнө катышып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Жыйында вице-спикер бул иш-чара көптөгөн кылымдардан бери чыгыш менен батышты, анын ичинде Кыргызстан менен Кытайды соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, саясий-дипломатиялык жактан байланыштырып келгенин айтты.
"Мындай ажайып салт-санаалар менен маданий байланыштарды улантуу, элдер менен мамлекеттердин кызматташтыгын камсыз кылуу аркылуу жалпы аймакты өнүктүрө алабыз",- деди Сасыкбаева.