Араван айылында турак үйдөн өрт чыгып, коңшу турган үйгө да өрт өтүп кеткен

Ош облусунун Араван районунун Араван айылында турак үйдөн өрт чыгып, коңшу турган үйгө да өрт өтүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 23-майда билдирди.

Маалыматтарга караганда, Араван айылындагы Сыдыков көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин 84 чарчы метр чатыры, 12 чарчы метр шыбы күйгөн. Кийин өрт короодогу чөпкө, андан соң кошуна жайгашкан үйгө өтүп кеткен. Жыйынтыгында экинчи үйдүн 192 чарчы метр чатыры, 90 чарчы метр шыбы, эмеректери күйүп кеткен.

Кырсык электр жабдууларын куроодо этиятсыздык кылуудан улам келип чыкканы аныкталды.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан