Красноярск шаарында кайнак суу "фонтанынын" астында калган автобустагы жүргүнчүлөрдү гастарбайтер сактап калды

22-майда Орусиянын Красноярск шаарында ысык суу өткөн түтүк жарылып, 15 жүргүнчүсү бар автобус анын астында калган. Автобустагы жүргүнчүлөрдү Сайбуха Рагимов деген гастарбайтер сактап калган. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Красноярск шаарынын Вавилова көчөсүндө 1976-жылы коюлган суу түтүгү жарылып, 6 кабаттуу үйдүн бийиктигиндей болгон кайнак суу "фонтаны" пайда болгон. Ошол учурда ал жерден өтүп бара жаткан автобус анын астында калып, жүргүнчүлөр чыга албай калышкан.

"Суу 20 метрге чейин көтөрүлүп атып жатты. Өтүп кетем деди окшойт, бирок айлана буудан көрүнбөй калды. Жаш балдар, кыздар автобустун ичинде, отургучтарына чыгып жардам сурап кыйкырып жатышты. Биз эшикти ачканга аракет кылдык. Ача албай коюп, автобустун арткы терезесин таш менен сындырганга мажбур болдук. Терезени сындырганда автобустун ичинен буу чыкты. Андан соң автобустун эшигин ачтык. 2-3 мүнөткө кечиккенибизде баары бууга бышып калмак",- дейт Сайбуха Рагимов. 

Орусиянын ИИМинин Башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, бул кырсыктын кесепетинен 12 адам 1-2-даражадагы күйүк жана ар кандай жаракаттар менен ооруканага түшкөн. Алардын арасында айдоочу да бар. 

Красноярскийде автобустун жүргүнчүлөрү кайнак суунун астында калышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
acer11
2014-05-23 14:54:55
Жакшы сооп иш кылыптыр эми орустар ушул жакшылыгын эске алыша бекен. Эске алса ага "баатыр" деген наам берилет, болбосо россиянын калаган жеринде тосколсуз жумуш кылыт.
+2
bishkek.kg
2014-05-24 19:14:57
адамдарды карасан баары эле жардам бериштин ордуна видео тартып жатышат тообо кылдым эээ!!!!!!!!!!!!!
+2
Begimkyz
2014-05-23 15:13:44
Аман калганы жакшы болуптур жургунчулордун.
+1
mosya
2014-05-23 15:28:28
ХХХ ХХХ орустар мына баардык гасторбайтерлер жаман эмес бекен
0
admin_portal
2014-05-23 15:31:44
mosya - эскертүү!
Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү толук эмес болсо да жазууга тыюу салынат.
0
mir89kg
2014-05-24 01:07:46
Кече ЧП передачасынан коргомун, бирок гастарбайтерлер сактап калды деген созду эч укан жокмун, Эгер айдоочу кыргыз болуп калса барбы ууу... жаман болот эледа
+1
nurkasym-2014
2014-05-24 08:13:42
Кырсык айтып келбейт.Ошон учун Кыргызда жакшы кеп бар да"кырсык каш кабактын ортосунда"-деген.Бир гана АЛЛАХ озу туралайт.
+1
uluk1982
2014-05-24 19:48:40
Тормуз орустардын журналистери ооозуна талкан салып алыптыр.......
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан