Бишкекте "18 жаштагы кызды зордуктаган" деген шек менен 26 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 23-майда билдирди.
Белгилүү болгондой, милиция бөлүмүнө 55 жаштагы Ажар аттуу айым кайрылып, 1996-жылы туулган кызын белгисиз адам күч колдонуп зордуктап кеткенин маалымдаган. Ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган Улукбек аттуу Бишкек шаарынын жашоочусу колго түшүрүлгөн. Иликтөө уланууда.