Бишкекте селсаяк "бөтөлкөлөшүн өлтүрүп алган" деп шектелүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 23-майда билдирди.
Маалыматтарга ылайык, 22-майда Фрунзе-Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинен ур-токмоктон каза болгондугу тууралуу белгилери бар, аты-жөнү такталбаган жарандын жансыз денеси табылган. Иликтөөлөрдө өлүмгө дуушар болгон жаран борбордо селсаяктык кылып жүргөн Жумгал районунун 47 жаштагы Сүйүнбек аттуу тургуну экени аныкталган. Ошол эле күнү кылмышка шектүү катары Кубатбек аттуу селсаяк болуп жүргөн жаран кармалган. Сурак учурунда Кубатбек кырсык болгон күнү каза болгон Сүйүнбек менен спирт ичимдигин ичип отуруп уруша кеткенде башына таш менен чаап өлтүрүп алгандыгын айткан. Азыркы тапта бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.