Бишкекте 21 жаштагы кыз тоноочулукка шектелип кармалды. Мындай маалыматты бүгүн, 23-майда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматтарга ылайык, укук коргоо кызматкерлерине 20 жаштагы Үмүт аттуу кыз кайрылып, чала тааныш болгон Кенже аттуу кыз күч колдонуп уюлдук телефонун тартып алгандыгын билдирген. Ленин райондук ИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүү катары 21 жаштагы Кенжегүл кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камалган.