Бүгүн, 23-майда Бажы биримдигине арналган жыйында Баткенден келген жаран жергиликтүү адистерди “Эмнеге силер Кыргызстандын аймактарына барып, Бажы биримдиги боюнча сурамжылоо өткөрбөйсүңөр?” деп сынга алды.
Анын айтымында, учурда Бажы биримдигине кирүү маселеси абдан актуалдуу болууда. “Эмнеге силер Орусияда иштеп жаткан мигранттардын оюн эске албай, республикабыздын аймактарындагы жарандарга түшүндүрүү иш-чараларын өткөрбөй эле жыйынтыктарды чыгара бересиңер? Жарандар билбей жатышат, Бажы биримдигине кирсек жакшы болорун же жаман болорун. Ошондуктан аймактарга барып, эл менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, сурамжылоолорду жүргүзүүнү сунуштаар элем”,- деди ал.
Эскерте кетсек, бүгүн, 23-майда Бишкекте "Бажы биримдиги: ар түрдүү пикирлер жана Кыргыз Республикасынын аймактарына көз караш” аттуу жыйын өттү.