Бүгүн, 11-январда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14 миллиард 397 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Токтогул суу сактагычына суунун кириши секундуна 127 метр куб, ал эми суунун агып чыгышы 719 метр кубка барабар болду.
Былтыр ушул күнү аталган суу сактагычындагы суунун көлөмү 16 миллиард 801 миллион метр куб болуп, суунун агып кириши секундуна 180 метр кубду түзсө, суунун агып чыгышы 732 метр куб болгон.