Шаардык сот Эрмек Жунушбаев менен Бактияр Курманов боюнча чыгарган Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды

Бишкек шаардык соту 22-май күнү “Кумтөр” ишканасынын өкүлүнөн 3 миллион доллар доолады” деп айыпталган Эрмек Жунушбаев менен Бактияр Курманов боюнча чыгарган Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы бүгүн, 23-майда билдирди.

Маалыматка караганда, буга чейин Бишкектин Биринчи Май райондук соту Эрмек Жунушбаев менен Бактияр Курмановду 7 жылга эркинен ажыраткан эле. Бирок алардын жактоочусу ал чечимге макул болбой, Бишкек шаардык сотуна кайрылган.  

Эскерте кетсек, 2013-жылдын 29-ноябрында УКМК аталган адамдардын “Кумтөрдүн” өкүлү Дуглас Гриер менен болгон сүйлөшүүсү жашыруун тартылган видеотасманы коомчулукка жарыялаган. Тасмада азыркы айыпталып жаткандардын Гриерден 3 миллион доллар талап кылганы көрсөтүлөт. Бул факты боюнча 29-августта кылмыш иши козголуп, айыпталгандар СИЗОго киргизилген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jaazira13
2014-05-26 19:43:13
суротторундоле турбайбы "БАНДИТ" деп, кылмышкер турмодо отуруш керек, эн туура
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан