Бишкекте "Ала-Тоо" аянтынан велосипед уурдады" деп шектелген 11 жаштагы баланын дагы эки кылмышка тиешеси бар экендиги айтылууда. Бул маалыматты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 23-майда кабарлады.
Белгилүү болгондой, 18 жаштагы Чүй облусунун тургуну 3 миң сомго бааланган велосипедин белгисиз адамдар "Ала-Тоо" аянтынан уурдай качкандыгын милицияга кабарлаган. Бул кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган Данил аттуу бала кармалып, иликтөө учурунда дагы башка ушуга окшош эки кылмышка тиешеси бар экени ачыкталган. Учурда иликтөө уланууда.