Борбордогу дүкөндөрдүн биринен “12 миң сомдон ашык акчага бааланган спирт ичимдигин уурдады” деген шек менен Нарын облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 23-майда билдирди.
Милиция бөлүмүнө Акылбек аттуу жаран кайрылып, борбордогу дүкөндөрдүн биринен 25-30 жаштардагы белгисиз адам 12 810 сомго бааланган “Неnnеssу” аттуу француз ичимдигин уурдап кеткендигин кабарлаган.
Аталган кылмышка шектүү катары Нарын районунун 1986-жылы туулган Анарбек аттуу тургуну кармалып, учурда иликтөө жүрүп жатат.