КТРКнын журналисттерин сабаган Айдин Кулбаевди эки айга абакка алуу боюнча соттун чечимине анын жактоочусу Икрамидин Айткулов нааразычылыгын билдирди. Анын айтымында, Кулбаев оор эмес кылмыш жасаган жана издөөдө жүргөндүгүн билгенде милицияга өзү келген. “Кулбаев кабарчыларды кетирүүгө аракет кылгандыгын, микрофонун сындырып, операторду түрткөндүгүн моюнга алат. Бирок ал эч кимди сабаган эмес” деди Айткулов. Эске салсак, айыпталуучу Айдин Кулбаев Октябрь райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган.