Жайыл районунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 4 адам санитардык-курорттук дарыланууга жолдомо алышты. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Социалдык өнүктүрүүнүн райондук башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолдомолордун жалпы суммасы 37,3 миң сомду түзгөн. Мындан тышкары жыл башынан бери 7 адамга майыптар үчүн атайын коляскаларды алышкан. 33 социалдык кызматкер жалгыз калган 294 кары адамдын жана майыптардын үйүнө барып кызмат көрсөтүшкөн.