Жети-Өгүздө мамлекеттик тилдин 25 жылдыгына арналган иш-чаралар өттү

Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында мамлекеттик тилдин 25 жылдыгына карата улуттук тамактардын, колго жасалган буюмдардын көргөзмөсү уюштурулду. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чарада райондун айыл аймактары тарабынан улуттук тамактардын жана колго жасалган буюмдардын көргөзмөсү уюштурулду. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер жана грамоталар тапшырылды. 

Аталган иш-чарага мамлекеттик тил боюнча облустук комиссиянын мүчөлөрү, райондук жана облустук структуралардын жетекчилери катышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан