Ош облусунун аймагында быйыл 11 690 окуучу орто мектепти аяктоонун алдында турат. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Облустук билим берүү башкармалыгынын координациялоо боюнча адиси Абдилазиз Арыкбаев билдирди.
Жалпылап айтканда, Алай районунда 726, Араванда 1346, Кара-Кулжа районунда 909, Кара-Сууда 2922, Ноокатта 3151, Өзгөндө 1967, Чоң-Алайда 398, Өзгөн шаарында 271 окуучу уядан учат.