Улуу Британияда эргулдар кебетеси Гитлерге окшош болгондугу үчүн мышыкты сабап кыйнашты

Улуу Британиядагы Тредворт шаарында эргулдар кебетеси Гитлерге окшош болгондугу үчүн мышыкты сабап, таштанды салынуучу челекке ыргытып кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Маалыматка ылайык, Баз аттуу ала мышыкты жергиликтүү калк тумшугундагы кара түгүнө карап Китлер деп аташчу. Бул мышыктын ээси Кристи Спэрроу "Баз кебетеси үчүн садисттердин ур-токмогуна, шылдыңына кабылып, көзүнөн айрылып калды. Ал Гитлерге окшош болгону үчүн күнөөлүү эмес. Жакшынакай, сүйкүмдүү, тартынчаак жаныбар",- дейт. 

Мышыктын кожойкесинин айтымында, ал дем алыш күнү сейилдегени сыртка чыгып, кайра кайтпай калган. Сарсанаа болгон Кристи интернет аркылуу ага издөө жарыялаган. Эртеси күнү эле кошунасы Баз таштанды салынган челек жакта жүргөнүн айтат. Көп өтпөй Баз үйгө өзү кирип келген. 

Жыйынтыгында Кристи мышыгынын көзүнө 50 миң сомдон ашык каражатка операция жасаткан. Учурда полиция кызматкерлери мындай мыкаачылыкка кимдер барганын аныкташууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
SHATY
2014-05-23 18:46:02
Даанале Гитлер экен)). Мышыкты ушунча кылып кетишти адам болсо эмне болмок!
+2
baha88
2014-05-23 18:50:18
гитлердин еле озу
+1
tairbek.
2014-05-23 19:02:46
50мин сом кетиптирби? доллар эмесби?
0
killer-star
2014-05-23 22:57:47
Байкуш Мышыкта емне куно????????
+3
aikol87
2014-05-23 23:15:13
иий мурутун )))
+1
isiasem
2014-05-24 00:49:18
Гитлердин бул экинчи жашоосу болсо керек. Эми ал балким мышык болуп жаралгандыр. Бирок жаныбарга жаман болуптур.
+5
MarJane
2014-05-24 05:46:41
Байкуш жаныбарда эмне куноо...адамдар эн эле шумдукпуз го жон жаткан мышыкты кыйнап
+1
Timon
2014-05-24 06:23:41
Murda myshykty jaman korchumun..jakynda internetten it jash balany tishtep suyrop jatkan jerinen myshyk baryp kutkaryp kalganyn korup
oyum ozgordu..))
Jaman boluptur tartynchaak myshykka
+1
Suke93
2014-05-24 09:31:31
Акыркы кундору адамдар ушундай таш боор мыкаачы болуп баратабыз уштндай очу болсо гитлердин суротун чыгарып алып орттоп башка нерсе кылса болмок. Бул деген жаныбарда киши болгондо анда мурутун кырып салмак.
+1
Narynbek
2014-05-24 22:55:32
Мышык Пайгамбарыбыз Мухамеддин этегинде уктап жатса,этегин кесип туруп кеткен экен.Мышыкты ойготпоюн деп.Мышыкты кыйнагадар өзүлөру да ошондой азап тартышаары анык.
0
Sharipa-asia
2014-05-24 23:18:11
Тообо мышыкта эмне куноо, окшош болсо не бул жаныбар го
0
Aikoo2014
2014-05-24 23:26:11
Бечара мышыкда эмне куноо. Мышыка боорум ооруп кетти.
+1
kg.555
2014-05-25 00:10:52
:):):)кулкулуу иш болуптур,мышыгы менен Германияга кетип калышпайбы байкуштар,ал жакта гиннесске кирип кетиши да ыктымал )))))))
+1
021279
2014-05-26 10:07:44
Европалыктар негизи ХХХ ХХХ ХХХ эл болот... Чыгарбагандын баарын чыгарышатго... ой тобоо!
0
admin_portal
2014-05-26 10:56:16
021279 - эскертүү!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан