Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бүгүн, 23-майда Бишкекте өткөн улуу талант Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Иш-чаранын ачылышында Сарпашев улуу акындын 150 жылдыгын өлкөдө жана чет өлкөлөрдө белгилөө боюнча өкмөт чоң программа иштеп чыкканын айтты. "Өлкө боюнча жана Казакстан, Түркия, Азербайжан жана Орусияда бир катар кызыктуу иш-чаралар өткөрүлдү",- деп билдирди биринчи вице-премьер.
Токтогул Сатылганов өзүнүн чыгармаларында өмүр, мекенге болгон сүйүү, адилеттүүлүк жана теңсиздикти көп чагылдырганын белгиледи өкмөт мүчөсү.