Кыргызстанда өткөн суткада 11 өрт кырсыгы катталды
Өткөн суткада Кыргызстан боюнча 11 өрт кырсыгы катталганын Өзгөчө
кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Бишкекте - 2, Ош шаарында - 2, Ош облусунда - 4, Ысык-Көл облусунда - 2 жана Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы орун алган.