Балыкчыдагы түзөтүү мекемесинин башчысынын орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 23-майда билдирди.
Маалыматтарга ылайык, Балыкчыдагы түзөтүү мекемесинин башчысынын орун басары, 23 жаштагы Кайрат аттуу жаран алдын ала сүйлөшүүлөр менен абактагы Бактыбек аттуу жаранды боштондукка коё берген. Өз кезегинде Бактыбек Кайратка айына 10 миң сомдон берип турушу керек болгон.
Ушул жылдын 19-май күнү Бактыбектин Мария аттуу жубайы милиция бөлүмүнө кайрылып, түзөтүү мекемесинин башчысынын орун басары болгон Кайрат аттуу жаран анын Кыргызстандан тышка чыгып кеткен күйөөсүн издөөгө жарыялап жиберүү менен коркутуп 12 миң сом акча талап кылып жатканын кабарлаган. Кийин Кайрат 10 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.