Бүгүн, 23-майда Транспорт жана коммуникация министрлигинде өткөн тегерек столдо жол куруучулардын маянасын көтөрүү маселеси коюлду.
Транспорт жана коммуникация министрлигинин статс-катчысы Максат Дыйканов буларды айтты:
“Өкмөт мамлекеттик кызматта иштеген кызматкерлердин айлыктарын этап-этабы менен көтөрдү. Эми суу, токой, жол чарбасында иштегендердин маяналарын көтөрүү боюнча иштер жүрүп жатат”.
Ушул жылдын соңунда министрлик бул багытта атайын реформа жасай турганын кошумчалады.