Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 23-майда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратленди кабыл алды.
Тараптар Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтык, Кыргызстандагы парламенттик демократиянын жетишкендиктери, жарандык коомчулукту өнүктүрүү жана өлкөдө сөз эркиндигин бекемдөө жаатында пикир алышканын ЖКнын маалымат кызматы билдирди.
Асылбек Жээнбеков өлкөдөгү ички саясий кырдаал, Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында жакынкы жылдарга коюлган максаттар тууралуу сөз кылды. Ишке ашырылып жаткан реформалар экономиканы өстүрүүгө, элдин жашоосун жогорулатууга багытталганын белгиледи. Эң башкы милдеттердин бири деп алдыдагы парламенттик жана президенттик шайлоолорду таза өткөрүүнү атады.
Спратлен өлкөдөгү парламенттик демократияны өнүктүрүүдө Жогорку Кеңештин маанилүү ордун белгилеп, Кыргызстанды көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча уникалдуу өлкө деп атады.