Ош. "Ош мунарасы" аттуу көп кабаттуу үйдүн чатырында Түркиянын байрагы илинип турганына окурмандар кызыгышты 

Ош шаарындагы Монуев менен Аскар Шакиров көчөсүнүн кесилишинде курулуп жаткан "Ош мунарасы" аттуу көп кабаттуу үйдүн чатырында Кыргызстандын желегинин ордуна түрк элинин байрагы желбиреп турганын шаар тургуну Куштарбек Хасанов көрүп, тиешелүү жетекчилерден жооп алып берүү өтүнүчү менен бүгүн, 23-майда SUPER.KG порталына кайрылды.

"Ошол жерден саат сайын аткаминерлер тууну көрүшөт. Анан көзүн май баскансып, ары-бери байкамаксан болуп өтүп жатышканын кантип түшүнүүгө болот?" дейт ал кайрылуусунда. 

Бул тууралуу Ош шаардык курулуш тармагын жетектеген вице-мэр Жапар Ормоновго байланышканыбызда "андай болушу мүмкүн эмес, негизинен мен бул "Ош мунарасын" карабайм" деди. Ал эми Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Алимбай Кадыров: "Ал көп кабаттуу үйдү түрк компаниясы куруп жатат. Алар тарабынан бизге көп жардам берилген. Ошондуктан алардын желегинин желбиреши мыйзамдуу эле көрүнүш",- деди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (39)
dentistka
2014-05-24 09:42:21
ой тобоо. Ушул биздикилер ошончо жакшы жагын корбойэле, бир жаманын таап,кечке чукуй беришетда, Кыргызстандында байрагы туратко,корбой эле жаза береткенсинерда, турктун байрагы турса неэкен?, эртен курулуш бутсо алынатда, Ош мунарасын курупатышат бизге, алар курбаса биздикилердин ой тушундода жок андай имарат салуу
-8
Aviator
2014-05-24 10:21:00
откондо 5 кун БАНда жатып чыгып коркуп калдым. Бугунку кунго желектин айланасында абал тынч. Тушундуруу иштери жургузулуудо.
0
artur007
2014-05-24 10:42:51
бизде патриоттор жокпу кыргызстанды суйгон.ошол туунун ордуна биздин тууну илишке.
+1
Nura1440
2014-05-24 11:37:51
турктор туусун илип койсо кыргызстан туркияга айланып кетеби.башка койгойлуу маселелер жокпу талкууга.тапкан экенсинер талкуулоочу маселени.
-5
Milashka-92
2014-05-24 11:53:00
озу негизи алжерде биздинда байрак илинип турган болчуго
0
SayKal1218
2014-05-24 13:11:43
Илсе макул дечи, бирок Кыргызстандын желеги дагы жанында болуш керек эле.
+1
kaniet
2014-05-24 13:18:57
Буткондон кийин турктор жашашат ал жерде :)
0
baxa-kaman
2014-05-24 16:26:15
Биз мусулманбыз жана ошондой эле оз жерибизге эгедер, эгемендуу Кыргыз элбиз, ошондуктан Кыргызстандын аймагында башка олконун желегинин желбиреши мыйзамсыз корунуш!( Кыргызстандагы башка олконун Элчилигинин желегин эсепке албаганда).
0
kaltunlu
2014-05-24 16:28:21
talaska ketıp jatkan joldo da kıtaylar bır ıshkana kurup atıptır jelegı ılınıp ele turat go bırok kırgızstandın da jelegı janıda ılınıshı kerek bolchu tuura aytasınar aga koshulam. Men tursıyada turk jelegın alıp salıp balkonuma gıleytıp kırgızstandın jelegın asıp koygom turktordon kem kalbay ech kım dele maga kelıp asılgan jok kuyoom dele normalnıy kabıl aldı antalyada belekte kırgız kafesının ıchınde anan tıshında kırgız jelegı ılınıp turat ech kım dele alıp sal degen jok sıy mamıle kılalı
-2
Byshakov
2014-05-25 03:26:29
kaltunlu, илсенер кининекей жана жапыс илинип турса керек, кафе жайгашкан имараттын башына алыстан коруно тургандай кылып илип коргулочу турктор эмне дээр экен
0
altinim
2014-05-24 20:03:51
анда озубуз ошондой заманбап уй куралы дагы 4 бурчуна 4тон кыргыз туусун сайып алалы да, колубуздан кыйратып эчтеке келбегенден кийин бироо жасап атса ага сайылыштын эмне кереги бар теги эле бироонун артын чукугандан,сындагандан, ичи тарлыктан башка онорбуз деле жок окшойт озу)))КРнын да желеги илинип турат дегенди тушунгунор келбейтабы же тушунбой калдынарбы... силерден агрессия, негатив эле жыттана берет кечкээ)))
-5
bossmos7
2014-05-25 00:15:57
altinim, Оруссия да журуп келген кызсын! Кармап айдаап жиберишкен керек болсо.Мекенде тынч журосун!Озун жазып журосун! Кыргыз болчу!Баркын билчи бай болгур!Ботон жерде саргарыып журсок дагы! Мекенибиз бар деп! Анча мынча улутту тенсинбей журобуз го!Акыры!Оруссиянын ичинде канчалаган майда улуттарды коруп .............Аллага шугур кылып !Берилген ырыскыны булгаабайлы!Желек илене турган Мекени бар! Алардын ичинде курддор жашайт алар илип койсунчу туркияда ?????
+1
bossmos7
2014-05-25 00:21:17
bossmos7, Чатырда же алачык болсо да Кыргыздыкы болсун! Эртен Силерди адам дебейт! Моюнга чыгарып, запкысын Оз жеринде Кыргыз Элим азабын тартып жатканын унутбу?
+1
tirik
2014-05-25 02:11:35
Уят эле болдук
0
arena2014
2014-05-25 08:42:04
курулуш жетекчиси ормонов мунараны карабайм дегени эмнеси? Эгер МЕЛИС мер болуп турганда мындай корунуш болбосо керек эле!
-1
Zubaydullah
2014-05-25 08:51:49
Илинип турган Кыргызстандын жана Туркиянын желегин жума күнү эле алып салышыптыр. Ишенбегендер барып корсо болот.
0
acer11
2014-05-25 11:39:58
Кечетен бери эч бир байрак илинбей калды.
0
admin_portal
2014-05-26 10:16:50
zzz---zzz - эскертүү!
Кимдир-бирөөнү кемсинтүүгө жол берилбейт!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан