Жалал-Абад облусунун үч тургуну "жасалма акча сактаган" деген шек менен Таластан кармалышты. Бул тууралуу Талас облустук ИИБинин басма сөз кызматынын өкүлү Максат Абдысейитов билдирди.
Маалыматтарга караганда, Бакай-Ата районунун Ынтымак айылындагы жеке менчик дүкөндүн ээси арыз менен кайрылып, 21-май күнү дүкөнгө 20-25 жаштардагы белгисиз жарандар келип, 1000 сомдук жасалма акча менен соода кылып кетишкенин кабарлаган.
Ыкчам аракеттердин жыйынтыгында аталган кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун үч тургуну колго түшүрүлүп, камакка алынган. Азыркы тапта аталган окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.