Ош облусунун Араван районунун
А.Алянаров айылдык округу менен Кытай Эл Республикасынын “3300”
компаниясы цемент заводун куруу боюнча 10 миллион долларлык инвестициялык келишимге кол
коюшту. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда жергиликтүү өкүлчүлүктүн басма сөз
кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ошондой эле Кара-Суу
районуна картон-кагаз чыгаруучу завод куруу жөнүндө 1 миллион 700 миң долларлык
баада жергиликтүү “Транзит-Экспресс” жоопкерчилиги чектелген коому жана
Кытайдын ООО “ИХУА” компаниясы кол коюшту.