Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши 28-29-май күндөрү өтчү жыйындардын күн тартибин бекитти

Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши бүгүн, 23-майда 2014-жылдын 28-29-май күндөрү өтчү парламент жыйындарынын күн тартиби бекитти.

28-майда Жогорку Кеңеш "2013-жылдын 13-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Тараз-Талас автомобиль жолун калыбына келтирүү боюнча КРнын Өкмөтү менен "Сауд" өнүктүрүү фондунун ортосундагы насыялык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө", "Ветеринария жөнүндө", "КРнын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорлорун, "2013-жылы Кыргыз Республикасында адамдардын жана жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө акыйкатчынын жылдык баяндамасы жөнүндө" токтомдун долбоорун кароону пландаштырууда.

29-майдагы жыйындын күн тартибине "Судьяларды тандоо боюнча кеңеши жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө", "Акыйкатчы жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө", "Чек ара ыйгарым укуктары жөнүндө" мыйзам долбоорлору киргизилгенин ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан