Бүгүн, 23-майда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин жетекчилиги менен өкмөттүн кезектеги жыйыны өттү. Күн тартибинде жаңы иштелип чыккан Ысык-Көл курорттук аймагынын башкы схемасы каралганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Сарпашев мындай документти кабыл алуу өтө зарыл экенин белгилеп, бул Ысык-Көлдүн жээгиндеги баш аламан курулуштарды токтото турганын белгиледи.
"Буга чейин Ысык-Көлдүн жээгиндеги өз алдынча салынган курулуштарды токтотууну баары айтып келишкен. Бирок иш жүзүндө бул багытта реалдуу кадамдар жасалган эмес",- дейт өкмөт мүчөсү.