Бишкектеги Улуттук китепканада Жусуп Мамайдын чыгармачылыгы боюнча көргөзмө ачылды

Бүгүн, 23-майда Бишкектеги Улуттук китепканада Кытайдагы кыргыз манасчысы Жусуп Мамайдын 90 жылдыгына арналган "Жусуп Мамай - заманыбыздын залкар манасчысы" аталышындагы китеп-сүрөт көргөзмө ачылды. Көргөзмөгө манасчынын сүрөттөрү, китептери, ал тууралуу гезиттерге чыккан макалалар коюлду.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук аймагы боюнча басма сөз жана маалымат башкармалыгынын башчысынын орун басары Хуан Шиаошин Улуттук китепканага Жусуп Мамайдын 4 китебин белек кылды. Алардын экөөсү немис тилинде, экөөсү кыргыз тилинде басылып чыгарылган.   
Белгилей кетсек, Кыргызстандын Эл артисти, I даражадагы Манас орденинин ээси Жусуп Мамай Кытайдын Ак-Чий районундагы Меркеч айылында 1918-жылы туулган. 7 жашынан кат тааныган.

Анын агасы Балбай "Манас" эпосуна кызыгып, аны чогултуп, кагазга түшүрүп жүргөн. 

Жусуп Мамай "Манас" эпосун Манастын сегиз урпагына чейин айтат. Анын айтымында бул эпос 500 миң сап ырды түзөт.

"Манас" дастанынын Жусуп Мамай айткан варианты КЭРде араб тамгасы менен басмадан чыккан. Мындан тышкары анын "Төштүк", "Мамаке-Шопок", "Көбөөн", "Толтой" сыяктуу чакан дастандары да басмадан чыгарылган.

Учурда ал 96 жашта. Ал атайын мектеп ачкан жана анда 40тан ашык манасчы билим алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан