Кыргызстанда жогорку окуу жайлар тармагын оптимизациялоонун концепциясы бекитилди. Мындай чечим бүгүн, 23-майда өкмөт жыйынында кабыл алынды. "Жогорку окуу жайлар тармагын оптимизациялоо маселеси акыркы 3 жылдан бери талкууланып келген. Бул маселе боюнча ар кандай пикирлер бар, бирок бир жактуу чечим бүгүнкү күнгө чейин кабыл алынган эмес",- деп билдирди биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев.