ӨКМ Июнь окуясында жабыркаган куткаруучуга материалдык жардам көрсөттү

11-январда 2010-жылдын Июнь окуясында жабыркаган куткаруучу Акпарали уулу Жусупбекке материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов куткаруучу дарыланып жаткан мекемеге барып акчалай жардам тапшырган.

Эскерте кетсек, Акпарали уулу Жусупбек Июнь окуясы учурунда Ош облусунун Нариман айылында аскердик кызматын өтөп жатып октон жарадар болгон. Бишкектин, Оштун ооруканаларында дарыланып, учурда Чүйдөгү курортология институтунда жатат. Өз алдынча баса албай калгандыктан, ага орусиялык кесиптештери атайын коляска тартуулаган. Кыргыз өкмөтү ага 135 миң сом бөлүп, ӨКМ акча чогултуп, үй салып берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан