Ички жолдорду куруу - мамлекеттин ички иши. Ал эми эл аралык донорлор эл аралык маанидеги жолдорго гана жардам беришет. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов Бишкекте өткөн терек столдо билдирди.
Айтымында, республиканын ичиндеги жолдор мамлекеттин жеке капчыгынан оңдолушу керек.
"Бүгүнкү күндө облустарды бириктирүү үчүн эл аралык маанидеги жолдорду жаңылап жатабыз. Ички жолдор ички булактардын эсебинен оңдолушу шарт. Бул мамлекеттин ичиндеги маселе. Чет элдик донорлор эл аралык транспорттук жолдорго жардамдашууда”,- деди министр.