Кыргызстанда педагогикалык кадрларды даярдай турган бирдиктүү борбор түзүлмөкчү

Өкмөттүн 23-майдагы жыйынында өлкөдөгү жогорку окуу жайлар тармагын оптимизациялоонун концепциясы бекитилди. Жыйында билим берүү жана илим министри Канат Садыков баяндама жасап, Кыргызстанда айрым жогорку окуу жайлары өзүн-өзү каржылоого өтөрүн айтты. Министрдин билдиришинче, жогорку билим берүүнү реформалоо эки этап менен ишке ашат.   
"Комиссиянын текшерүүсүнөн кийин жогорку окуу жайлар тармагын оптимизациялоонун бир нече варианты сунушталган. Анда окуу жайларды ирилештирүү, айрым ЖОЖдорду өзүн-өзү каржылоого өткөрүү, айрым аймактык окуу жайларды кайра түзүмдөштүрүү жана Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин базасында педагогикалык кадрларды даярдай турган бирдиктүү борбор түзүү сунушу бар",- деди министр. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан