Таиланддагы аскердик төңкөрүштү жасаган Прают Чан-Оча өзүн премьер-министр кылып дайындады

Кечээ, 23-майда Таиланддагы аскер башчы Прают Чан-Оча өзүн премьер-министр кылып дайындады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жарыялады.

Мындай чечимди Убактылуу өкмөт кабыл алды. Таиланд өкмөт башчысынын милдетин аткарууга киришкен генерал Прают Чан-Оча бийлик аскер жетекчилигине өткөнүн жана өкмөттү көзөмөлгө ала турганын жарыялап, мурдагы бийликтин 155 саясий кызматтагы мүчөсүнө чет өлкөгө чыгууга тыюу салды. 

Эске салсак, 22-майда Таиландда Чан-Оча баштаган аскер жетекчилери өлкөдө аскердик төңкөрүш жасаганын жарыялашкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан