Жогорку окуу жайларын реформалоо татаал процесс. Муну вице-премьер-министр Эльвира Сариева өкмөттүн 23-майдагы жыйынында билдирди. Сариева окуу жылына карата документтерди кабыл алуу учурунда кайсы окуу жайлар реформалана тургандыгы боюнча абитуриенттерге түшүндүрүү кампаниясын жүргүзүү керектигин белгиледи.
Айта кетсек, буга чейин жогорку окуу жайлары боюнча атайын комиссия иштеп, жыйынтыгында ЖОЖдор тармагын оптимизациялоо сунушу айтылган. Оптимизациялоонун концепциясын бүгүн, 23-майда өкмөт бекитти.