* Мындан 158 жыл мурун саякатчы Чокан Валиханов Каркыра суусун бойлоп Ысык-Көлгө келген. Саякатчы мындагы жер өзгөчөлүгү жана кыргыз урууларынын абалы, алардын ич ара мамилелери туурасында баяндап, бугу манаптары жана жакшылары, подполковник Боромбай Бекмуратов, Муратаалы Бекназаров, Казыбек Шералин, Карач бий, Тилекмат бийлер менен жолуккандыгын кабарлаган.* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Жыл-Кол айылында чегирткеге каршы дезинфекциялоо иштерин жүргүзүп жатып АN-2 (Борт № ЕХ 02-015) учагы кулап түшкөн. Кырсыктан 2 адам каза болгон.
* Мындан 7 жыл мурун, 2007-жылы Орусиянын Новокузнецк шаарындагы Юбилейная шахтасында авария болуп, 38 адам каза болгон.