Аламүдүн районунда автокырсыктан 1 адам каза болду

Аламүдүн районунда 10-январда саат 12:00дө Субару-Легаси үлгүсүндөгү унаа Бишкек-Дачное автожолунда баратып көңтөрүлүп кетип айдоочу каза болду. 20 жаштагы Б.М. аттуу айдоочу кыз Новопавловка айылынын тургуну экендиги аныкталды. Алдын ала маалыматка ылайык, айдоочу унааны башкара албай калгандыктан унаа көңтөрүлүп кеткен. Жыйынтыгында айдоочу эсине келбей, окуя болгон жерде каза тапкан. Учурда изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан