Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Түркиянын вице-премьер-министри Али Бабажан менен жолугушту 

Кечээ, 23-майда Анкара шаарында жүрүп жаткан сапардын алкагында КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Түркиянын вице-премьер-министри Али Бабажан менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда тараптар үстүбүздөгү жылдын 23-майында Кыргызстан менен Түркиянын тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын төрагалыгы алдында болуп өткөн стратегиялык пландоо боюнча биргелешкен топтун биринчи жыйынынын жыйынтыгын талкуулашты.

Ошондой эле жолугушуу учурунда соода-экономикалык тармагындагы актуалдуу маселелер боюнча талкуу өткөрүштү. Тактап айтканда, тараптар 2013-жылдын 15-августунда Анкара шаарында болуп өткөн Өкмөт аралык биргелешкен комиссиянын 7-жыйынынын жыйынтыгындагы жетишкен макулдашууларды тез аранын ичинде ишке ашыруу менен бирге Бишкек шаарында боло турган келерки Өкмөт аралык биргелешкен комиссиянын 8-жыйынын сапаттуу даярдоонун зарылчылыгын баса белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан