Ош мамлекеттик университетинин математика жана информациялык технологиялар факультетинде быйылкы жылы окууну аяктап жаткан студенттердин бүтүрүү кечеси болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Кечеге факультеттин деканы Таалайбек Асылбеков баш болгон окутуучулар жамааты, студенттер, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери катышышты.
Анда факультеттин деканы сөз алып, бүтүрүүчүлөргө куттуктоо жолдоп, ийгилик каалады. Ошондой эле мыкты билим алып, коомдук-маданий иш-чараларга активдүү катышкан бүтүрүүчүлөргө Ардак грамоталарды тапшырды.
Мындан сырткары бүтүрүүчүлөрдү университетке жаңыдан кадам таштап жаткан 1-курстун студенттери да куттуктап, белектерин тапшырышты.
Кошумчалай кетсек, быйылкы окуу жылында МИТ факультетин 200 студент аяктады.