Эрик Күйкеев жана Нэлла Бейшеналиева "Бишкек шаарына эмгек сиңиргендиги үчүн" ордени менен сыйланышты

10-январда Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов эки инсанга "Бишкек шаарына эмгек сиңиргендиги үчүн" орденин тапшырды. Алар Бишкек шаардык мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Эрик Күйкеев жана Бишкек мэриясынын Укуктук камсыздандыруу жана укук коргоо органдары менен кызматташуу башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Нэлла Бейшеналиева. Иса Өмүркулов сыйлык ээлеринин Бишкек шаарынын өнүгүшүнө салым кошконун белгилеп, аларга ийгилик каалады.

Айта кетсек, учурда Эрик Күйкеев КРнын Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары, ал эми Нэлла Бейшеналиева Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси болуп эмгектенет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан