Бүгүн, 24-майда Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Дайыр Асанов атындагы Кыргыз аскер лицейинде бүтүрүү кечеси орун алып, окуу жайды 58 курсант аяктады.
Иш-чарага Дайыр Асановдун жубайы, жакындары конок катары чакырылып, сөз сүйлөштү. Андан тышкары Коргоо министрлигинен өкүлдөр, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери, жакындары, окуу жайдын эмгек жамааты жана төмөнкү курста окуган курстанттар катышышты. Бүтүрүүчүлөрдүн ыр-бийи менен коштолгон иш-чара алкагында көптөгөн каалоо-тилектер айтылып, мекен тууралуу, мугалимдер тууралуу ырлар обого жаңырды.