Кытайдын Фуцзянь провинциясында туристтер түшкөн автобус Цзюлун дарыясына түшүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, автобус кырсыкка учураган маалда ичинде 24 турист, экскурсовод жана айдоочу болгон. Бул жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам каза таап, 4 адам дайынсыз болууда. Куткарылган туристтердин үчөөсү оор жаракат алышкан.
Алдын ала маалыматтар боюнча, автобус дарыяга түшкөнгө чейин бамбук талаасын аралап өткөн. Бул убакта туристтердин бир канчасы салондон чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн.