Украинада бүгүн шайлоонун астында Жымжырттык күнү жарыяланды

Украинада бүгүн, 24-майда шайлоонун астында Жымжырттык күнү жарыяланды. Бул күнү үгүт иштерин жүргүзүүгө, талапкерлер менен жолугушууларды өткөрүүгө тыюу салынды. Массалык маалымат каражаттарынан да эч кандай үгүт иштери тууралуу жарнактар, жарыялар кетпеши керек.  

Белгилей кетсек, эртең, 25-майда Украинада президенттик шайлоо өтөт. Бул жолу президенттикке 21 талапкер ат салышууда. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, бул күнү шайлоо участкалары жергиликтүү убакыт боюнча 8:00дөн (Москва убактысы боюнча саат 9:00) 20:00гө (21:00) чейин иштейт. Эгер талапкерлердин бири да 50 пайыз топтой албаса, анда шайлоонун экинчи туру өтмөкчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан